Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан. 2. Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери. 3. грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан. 4. Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков). Жалгызы санга тийгендей («Манас» С. О.). 5. өт. Адам катары, барктуулук эсеби. Санда жок бечера. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды (фольк.).